Радио

Сулайманова: кино чөйрөсүнө жылкы жөнүндө тасма тартам деп келгем

Продюсер, КР кинематографиясынын отличниги, КР кинематографисттер союзунун мүчөсү, "Кыргызфильм" киностудиясынын көркөм кеңешинин мүчөсү Сүйүм Сулайманова кинопродюсердин тасмадагы милдети тууралуу айтып берди.
Sputnik
Киного келип калышыма бул чөйрөдөгү досторум жана Эрнест Абдыжапаровдун мастер-классы себеп болгон. Көп учурда бул тармакка ушул кесипти кичине кезинен кыялданып жүргөндөр келишсе, мен бала кезимен атка жакын болуп, ат жөнүндө кино тартам деп келгем. Бул тууралуу Сүйүм Сулайманова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кинопродюсер тасмага жумшала турган каражатты тартып келип, фильмди тартууда идеялык-көркөмдүк, уюштуруучулук жана финансылык көзөмөлдү ишке ашыруучу адис.
"Алгач алган билимим боюнча юристмин. Бирок бул тармакта бир да күн иштеп көргөн жокмун. Эрнест Абдыжапаровдун бир жумалык мастер-классында окуп, ошол бойдон кино чөйрөсүндө калып калдым. Башында агайдын тасмаларында анын сунушу менен продюсерлик кызматты аркалап келдим. Продюсер кино алгач идея жаралгандан баштап даяр болуп калың элге тартууланганга чейин баштан-аяк катышат. Мага ушул нерсе жагат. Кино тартуудагы ар бир кишинин иши жеңил эмес, ар бири жоопкерчиликтүү жумушта. Ошентсе да продюсер баарынан көп жумуш аткарат десем болот. Буга чейин кыска метраждуу кино тартып, Кыргызстанда жана чет өлкөдө өткөн фестивалдарда жеңишке жеттим. Ал тасма кичинекей бала менен жылкынын достугу туурасында болчу. Азыркы учурда биз толук метраждуу даректүү тасманын үстүндө иштеп жатабыз. Анда Бишкектеги экологиялык абал жөнүндө чагылдырылат. Тилекке каршы, абанын булганышы боюнча алдыңкы орундардабыз. Бул кино социалдык көрүнүштөрдү чагылдырган тасма болот деп ойлойм", — деди Сулайманова.
Ал "Дарак ыры", "Саякбай", "Кекеч" жана башка 30га жакын кинолордо продюсерлик кылганын кошумчалады.