Ислам оюндарында Роман Петров Кыргызстанга дагы бир алтын алып берди

Жалпысынан улуттук команданын куржунуна 20 медаль чогулду.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Роман Петров Ислам тилектештиги оюндарында фехтование боюнча алтын медаль утту. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Ал бүгүн, 15-августта, мелдешке чыккан. Финалдык беттеште Азербайжандан келген спортчу менен кез келип 15:11 эсебинде жеңип алды.
Жалпысынан Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында Кыргызстандын куржунуна 20 медаль чогулду. Анын ичинен Петровдун жеңиши улуттук командага жетинчи алтын байгени алып келди. Андан башка алты күмүш, жети коло бар.
Ислам оюндары: Расулбеков менен Алмазбек кызы оор атлетикадан коло утту