Эмгек кодексине ылайык, 16 жаштан тарта өспүрүмдөр ишке кире алышат. Ошондой эле 15 жаштан тарта тиешелүү эмгек багытындагы мамлекеттик органдын же профсоюздун макулдугу менен, ал эми 14 жашынан ата-энесинин макулдугу менен жумушка орношот. Бул тууралуу Элдияр Карачалов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 18 жашка чейинки өспүрүмдөргө жумасына 36 же 24 сааттан ашык иштөөгө мыйзам жол бербейт.
"Бизде 18 жашка чейинки өспүрүмдөрдү жумушка алганда өзгөчө тейлөө тармагындагылар, тилекке каршы, кадимки чоң кишидей эле иштетишет. Бул ошол кызматкердин жумуш берүүчү тарабынан укугу бузулуп жатканын билдирет. Жумуш берүүчү 18 жашка чейинки өспүрүмдү ишке алып жатканда Эмгек кодексине ылайык, аны саат 22:00дөн кийин, таңкы 6:00гө чейин иштете албайт. Ошондой эле жумасына 36 сааттан ашык да анын эмгегин пайдаланбашы керек. Мына ушул нормалардын негизинде иш графигин түзүп берүүсү зарыл. Муну менен катар өспүрүмдү ишке алып жаткан компания аны медициналык кароодон өткөрүп, ишке жарамдуулугун тастыктаган справканы жасатып берүү милдети бар. Өлкөдө Жаш ишкерлер биримдиги тарабынан атайын бир эксперимент жүргүзүлгөн. Анда бир кафени алып, ага иштейм деп келген бардык өспүрүмдөрдү Эмгек кодексинде көрсөтүлгөн эрежелерди сактоо менен гана иштетишкен. Алгач чочулап жаткан кафе ээси бир нече убакыттан кийин иштин сапаты артып, тейлөөгө кардарлардын ыраазычылыгы көбөйүп, кирешеси да жогорулаганын моюндаган. Андыктан иш берүүчүлөрдү өспүрүмдөрдү чочулабай эле жумушка алып, мыйзамдарды сактоо менен иш алып барууга чакырабыз", — деди Карачалов.
Ал ошондой эле 18 жашка чейинки кызматкерди иш ордунан башка жакка командировкага жиберүүгө мыйзам жол бербестигин кошумчалады.