Радио

Иманкулов: диндердин өнүгүү тарыхы сабагында окуучуга баа коюлбайт

Билим берүү министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын жетектөөчү илимий кызматкери Муратбек Иманкулов диндердин өнүгүү тарыхы предметинде кандайдыр бир динге басым жасалбай турганын белгиледи.
Sputnik
Диндердин өнүгүү тарыхы сабагында баа коюлбайт. Мындай ыкма окуучуларга сын көз караш менен ойлонууга, маалыматты талдоого шарт түзөт. Бул тууралуу Муратбек Иманкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган предмет маалыматтык негизде болуп, аны өздөштүрүү окуучунун жеке тандоосунда.
"Диндердин өнүгүү тарыхы сабагында кандайдыр бир динге басым жасабаш үчүн мугалимдин педагогикалык чеберчилигине өзгөчө маани берилет. Белгилүү болгондой, сабак өтүүдө баалоонун эки түрү бар. Биринчиси беш баллдык система менен болсо, экинчиси "азаматсың" деген сыяктуу стимул берген баа. Бул сабак диний ишенимдерге тиешелүү болгондуктан стандарт боюнча окуучуларга беш баллдык система колдонулбайт жана чейрек чыгарылбайт. Ал эми аттестатка аталган сабак боюнча предметти укту деп жазылат. Аны өздөштүрдүбү же жокпу, бул окуучунун каалоосу болот. Анткени баа коюу системасынын бир кемчилиги — окуучу мугалимге жага турган, китептеги маалыматты айтып баа алууну ойлонот. Ал эми баа коюлбаган учурда окуучуларга эркин ой жүгүртүүгө жол ачылат. Бул өз кезегинде окуучуларга сын көз караш менен ой жүгүртүүгө, маалыматты талдоого шарт түзөт. Натыйжада өспүрүмдүн дин ишенимдерине карата жеке көз карашы бекемделип, кооптуу агымдарды ажырата алат", — деди Иманкулов.
Ошондой эле ал аталган сабакта бир диндегилерди башкасына үгүттөө же тартуу максаты коюлбаганын кошумчалады.