Коңшу өлкөлөргө бир млн. сомдук жылкы, бодо мал айдап бараткандар кармалды. Сүрөт

Чек арачылар кармалган жарандарды жана малды тиешелүү органдарга өткөрүп берди.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Өзбекстанга мыйзамсыз жол менен мал айдап кетүүгө аракет кылган жарандар кармалды. Бул туурасында Чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 13-август күнү 29 жаштагы А.Э. аттуу кыргызстандык Жетиген айылы аркылуу коңшу өлкөгө жети жылкы айдап баратканда кармалган. Ал эми Чаласарт тилкесинен жети бодо мал менен 39 жаштагы Н.У. колго түшкөн.
Мындан сырткары, Талас облусунун Өгүз-Ашуу тилкесинде 44 жаштагы жарандын Казакстанга айдап бараткан DAF жүк ташуучу автоунаасын токтоткондо 14 баш бодо мал чыккан.
Мыйзамсыз алып бараткан бодо мал менен жылкылардын баасы бир миллион сомду түзөт.
Чек арачылар кармалган кыргызстандыктар менен малды андан ары териштирүү жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүп берген.
УКМК: Өзбекстанга 3,7 млн. сомдук мал айдап кетүүгө аракет кылгандар кармалды