Үрөй учурган кырсык. Бишкекте BMW кырсыктан кийин беш кишини коюп кетти

Алгач Honda Fit менен BMW кагышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Борбор калаадагы Патрис Лумумба көчөсүндө болгон автокырсыктын кесепетинен үч киши кайра жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул туурасында Кайгуул милиция кызматынын башкармалыгынан кабарлашты.
Волков көчөсүнө жетпей Honda Fit автоунаасы BMW менен кагышкан. Мындан соң BMW беш кишини коюп кетип, алардын үчөө кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Милициядан кырсыктын чоо-жайы териштирилип жатканын айтышты.
Чоң-Арыкта унаалар кагылышып, эки киши жаракат алды. Видео