БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Азык-түлүк менен энергиянын кымбатташынан улам дүрбөлөңгө түшүп калган Европа бул кышта Украинаны орто жолго таштап, чыккынчылык менен ордунан тургус кылышы мүмкүн. Бул туурасында Саймон Тисдалл The Guardian басылмасындагы макаласында жазганын РИА Новости белгиледи.
"Эми ыңгайсыз, ал тургай кооптондурган суроо жаралат: был кышта украиналыктар далыга бычак жегенге даярданышы керекпи? Конфликт боюнча коомдук нааразылык эми энергия, тамак-аштын кымбаттап кеткендигинин кесепетинен улам дүрбөлөңгө түшүүгө жетелеген тынчсыздануу менен алмашты", — деп айтылат макалада.
Автор бул нерсе Батыштын олку-солкулугун жараткандыгын белгилейт.
Журналист аны менен катар эле Британия ТИМ жетекчиси Лиз Трасс апрелде баш-аягы жок сүйлөгөнүн белгилеген, себеби ал Россиянын Крымдан кетип, 2014-жылга чейинки чек арага өтүшүн талап кылган.
"Акылын жоготкон генералиссимус сымал Трасс "Биз Россияны Украинадан жигердүүрөөк кылып сүрүп чыгарууну улантабыз" деди. Ошондо "биз" дегени ким? Силерби, кимдин армиясы?" — деп суроо салган баяндамачы.
Тисдаллдын айтымына караганда, АКШны түйшөлткөн нерсе Россия менен согуш отун жандырып албоо, ал эми Лондон "Вашингтондун согушуудан баш тартышынын аркасына жашынып алган". Автор аны менен катар эле европалык башка өлкөлөр — Германия, Франция жана Италия да ошондой маанайда деп белгилеген. Ал кайсы бир учурда Евробиримдик Европанын экономикалык жарасын жеңилдетиш үчүн Украинаны Россия менен убактылуу тынчтык келишимине кол коюуга мажбурлайт деген тыянакка келген.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген. Президентти айтымында, операциянын түпкү максаты — Донбассты бошотуп жана Россиянын өзүнүн коопсуздугун камсыздаган шарттарды түзүү.