Жетим-Тоо чуусу: блогер тараткан видео боюнча Абдил Сегизбаев сурак берди

Сегизбаев түшүндүрмө берип, видео 2020-жылы тартылганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев блогер Ырыс Жекшеналиев тараткан видео боюнча сурак берип чыкты. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Ал бүгүн Тергөө кызматына чакырылып, тергөөгө тиешелүү суроолорго жооп берген соң кайра үйүнө кеткен.
"Абдил Сегизбаев "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев интернетке жарыялаган видео боюнча түшүндүрмө берди. Желеге тараган видео 2020-жылдагы президенттик шайлоо убагында жасалганын, андан бери соцтармактарга жана интернет булактарына эч кандай пост же маалымат жарыялабагандыгын айтып берди. Айткандары толугу менен текшерилди", — деп айтылат маалыматта.
Учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары уланууда.
Белгилей кетсек, кечээ 19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев "Полит Узник" деп аталган баракчасына Сегизбаевдин Жетим-Тоонун казылышына каршы пикирин айткан видеосун чыгарган. Мындан улам ал 48 саатка кармалган.
Жетим-Тоо азыр казылбайт, элдин башын айлантпагыла! Жапаров кайрылуу жасады