16-августка карата аба ырайы

Шейшембиге караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, 16-августта күндүз 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. 16-августта күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Талас жергесинде +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көлдө +23...+28, Нарын аймагында +24...+29 градус ысык болот.
Борбор калаада күндүн табы +32...+34, Ош шаарында +34...+36, Чолпон-Атада +25...+27 градуска жетери айтылды.
Алыскы Зардалыга интернет жетти