Радио

Сакыев: жылдан-жылга сел каптаган учурлар көбөйүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин башчысы Даурбек Сакыев өлкөдө сел жүрүү коркунучу сакталган 2 503, жер көчүү кооптуулугу катталган 4 554 участок бар экенин айтты.
Sputnik
Былтыр республика аймагында 17 ирет сел катталса, ушул жылдын август айына чейин 20 жолу аталган жаратылыш кырсыгы болду. Бул тууралуу Даурбек Сакыев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жылдан-жылга сел санынын өсүү тенденциясы байкалып, анын себеби климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу болууда.

"Жаз, жай айларынын келиши менен аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу сел, жер көчкү процесстери активдешип, калктуу конуштарга, инфраструктурага кооптуулук жараткан. Республика аймагында сел жүрүү коркунучу сакталган 2 503, жер көчүү кооптуулугу катталган 4 554 участок бар. Жыл сайын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери кооптуу райондордогу жергиликтүү калкка убагында эскертүү берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турат. Кыргыз гидрометеорологиялык борборунун маалыматына таянып изилдөө жана мониторинг жасалат. Былтыр республика аймагында 17 ирет сел каптаса, ушул жылдын август айына чейин 20 жолу болду. Жылдан-жылга сел санынын өсүү тенденциясы байкалып, ага климаттын өзгөрүүсү себеп болуп жатат", — деди Сакыев

Ошондой эле адис Ысык-Көл, Чүй облустарынын тоо этектеринде сел жүрүү коркунучу сакталып тургандыгын кошумчалады.