Алдыдагы аптада Жалал-Абадда аба ырайы кандай болот

Синоптиктердин божомолуна караганда, аптанын экинчи жарымында облуста күн ачык болот.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумада Жалал-Абад облусунда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат таратты.
14-15-августта жана 16-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 16-августта күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бирок өрөөндөрүндө жаан жаабайт. 17-августтан тарта 20сына чейин күн ачык болору божомолдонууда.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, 16-18-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Таласта күн жаанчыл болобу? Бир аптага карата аба ырайы