Таласта күн жаанчыл болобу? Бир аптага карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 16-18-августта 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Талас облусунда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
14-августта жана 15-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 15-16-августта күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
17-18-20-августта күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, 16-18-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Жаан жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы