“Бүгүн Жетим-Тоону иштетели деген даярдыгыбыз жок. Жөн гана геология иштерин жүргүзүп, запасын тактап койгула деген буйрук берилген. Союз мезгилинде болжол менен изилденген запасы бар экен. Бирок корунун так көлөмү жок болгондуктан Кыргыз геология кызматкерлери иш жүргүзүп жатышат. Тактап койсок, биз иштетпесек, келечек муун иштетет”, — деди Жапаров.
“Дагы бир жолу кайталап коёюн Жетим-Тоону иштетебизби же жокпу азырынча чечим кабыл алына элек. Эл менен макулдашып, анан 100 пайыз өзүбүз иштетебиз. Эл "жок" десе, анда жок. Бирок бир нерсени унутпагыла “мени "суф" деп байытып, турмушумду оңдоп жибер” деп жата берсек, асмандан бирөө каражат бербейт. Бир нерсе кылайын десек эле “муну-тигини кылба, туризм менен эле өнүгөбүз” деп чыгышат. Туризмди өнүктүрөйүн десең “баланча өлкөнүн кишилери басып кетти, кокуй киргизбегиле” деп чыгышат. Деги биздин элге “эмне жагат?” деген суроо бергиң келет”, — деди Жапаров.