Келе жаткан аптага карата Нарын облусундагы аба ырайы

Синоптиктердин божомолуна караганда, кээ бир жерде шамал катуу болот.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги Нарын облусунда келе жаткан жумада аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, 15-августтан баштап 18-августка чейин кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 19-20-август күндөрү күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, 16-18-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Таласта күн жаанчыл болобу? Бир аптага карата аба ырайы