Кармалай бербегиле. Медик көгүчкөн оору тарата турганын эскертти

Дарыгер вирустар көгүчкөндүн канатында да кездешерин айтып, учуп бараткан же топтошкон канаттуулардын жанынан этияттап өтүүгө чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Көгүчкөндөр вирустук ооруларды жуктуруп жана неврологиялык илдеттерге алып келиши мүмкүн экенин үй-бүлөлүк дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты Сергей Чудаков айтып берди.
"Көгүчкөн таштандыларды казат, андыктан инфекцияларды алып жүрөт. Мындан сырткары, канаттуулардагы орнитоз жана пситтакоз оорулары адамда неврологиялык илдеттерди, анын ичинде неврозду жаратат. Ошондуктан көгүчкөндүбү же башка жапайы канаттуунубу кол менен кармабаш керек", — деди эксперт.
Мындан тышкары, көгүчкөндөрдө кене жана бүргөлөр болорун айтты.
Дарыгер вирустар көгүчкөндүн канатында да кездешерин айтып, учуп бараткан же топтошкон канаттуулардын жанынан этияттап өтүүгө чакырды.
Ал эми көгүчкөндөр балконго консо, ал жерлерди тазалап жууп, антисептик менен сүртүп койсо болорун кошумчалады.
Кытайда жаныбардан адамга жуккан жаңы вирус табылды