Кыргызстан Танк биатлонунда Россия, Кытай, Беларусь менен жарышты. Видео

Улуттук команда жалпы эсеп менен караганда 10 өлкөнүн ичинен 9-орунда турат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы Танк биатлонунда мелдешин баштады.
Танкачылар өз тайпасында эң тажрыйбалуу делген Россия, Кытай жана Беларусь командалары менен ат салышып жатат. Биринчи экипаждардын жарышынын жыйынтыгы менен Кыргызстан төртүнчү орунду ээледи.
Төмөндө коюлган тапшырмаларды аткарып, марага келген убактысы:
Россия — 21:09 мүнөт;
Беларусь — 23:20;
Кытай — 24:42;
Кыргызстан — 39:23.
Жалпысынан биринчи дивизиондо 10 өлкөнүн танкачылары жарышкан, анын ичинен Кыргызстан 9-орунду алды. Артында Венесуэла командасы турат.
Алдыда жарым финал жана "Эстафета" финалдык этаптары бар. Жарыш талаасында туура багыт алуу, танканы башкаруу, таамай атуу жана ок атууну башкаруу боюнча жөндөмдөрү бааланат.
"АрМИ-2022" оюндарынын алкагындагы "Танк биатлону — 2022" сынагы 13-27-август аралыгында "Алабино" полигонунда өтөт. Турнирде Кыргызстандын атынан төрт экипаж чыгат.
Эске салсак, 2021-жылы КР Куралдуу күчтөрүнүн командасы Мьянма, Тажикстан жана Түштүк Осетияны артта калтырып, биринчи дивизионго чыккан.
"Танк биатлону — 2022" сынагына катыша тургандар чүчү кулак кармашты