Улуттук банк Кыргызстанга каражат кайсы валюта менен көп которуларын айтты

Жыл башынан берки алты айда өлкөгө 1 миллиард 347,5 миллион доллар которулду.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстанга которулган каражаттын 70 пайызы рубль түрүндө келет. Бул туурасында Улуттук банк билдирди.
Sputnik Кыргызстан өлкөнүн башкы банкына сурам жөнөтүп, Кыргызстанга акча которуунун суммасы өскөнүн белгилеп, ал кайсы валютада түшүп жатканын сураган.
"Акча которуу системасы аркылуу түшкөн каражаттын жалпы көлөмүнүн 65-70 пайызы Россия рубли түрүндө келет", — деп айтылат жообунда.
Белгилей кетсек, быйыл июнь айында Кыргызстанга чет жактан 317,2 миллион доллар которулган. Бул бир айлык көрсөткүчтөрдүн рекордун жаратты. Кеп жеке тараптардын акча которуу системасы аркылуу жөнөткөн каражаты тууралуу болуп жатат.
Ал эми жыл башынан берки алты айда 1 миллиард 347,5 миллион доллар, анын ичинен 1,3 миллиарды Россиядан которулган. Быйылкы жылдын апрели менен майында келген каражаттын агымы бир айга 250 миллион доллардан болгон. Бул рекорд жаратпаса да жогору деп эсептелген көрсөткүч. Салыштыруу үчүн алсак, мартта 150 миллион доллар келген.
Кыргызстанда валютанын "көмүскө рыногу" иштейби? Улуттук банктын жообу