БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстан Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында жалпы командалык эсепте 9-орунга чыкты.
Мелдешке жалпысынан 57 өлкө катышууда. Ондукка кирүүгө балбандардын мыкты күрөшү жана сууда сүзүүчү Денис Петрашовдун коло байгеси себепкер болду.
Ал эми мелдештин алдыңкы үчтүгүндө Түркия, Иран жана Өзбекстан өлкөлөрү турат.
Учурда кыргызстандык спортчулар улуттук команданын байге куржунуна алты алтын, беш күмүш, төрт коло медаль алып келди.
Белгилей кетсек, Түркиянын Конья шаарында Ислам тилектештиги оюндары өтүп жатат. Ага жалпы жонунан 57 мамлекеттен келген 4 200 спортчу катышууда. Кыргызстандын делегациясынын курамында спорттун 16 түрү боюнча 158 киши бар.