Жаманкулов Венгрияда гунн жана түрк элдеринин курултайында сүйлөдү. Сүрөт

Курултайдын алкагында "Атиланын боз үйүндө" көргөзмөнүн ачылышы болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов баштаган делегация Венгрияда өтүп жаткан улуу гунн жана түрк элдеринин курултайына катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов баштаган делегация Венгрияда өтүп жаткан улуу гунн жана түрк элдеринин курултайына катышты

2 / 3

Улуу курултайга Венгрия парламентинин вице-спикери Шандор Лежак, Түрк мамлекеттер уюмунун президенти Багдад Амреев, ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев, Венгриянын Туран ассоциациясынын президенти, Курултайдын негиздөөчүсү Андраш Жолт Биро катышкан

3 / 3

Курултайдын алкагында "Атиланын боз үйүндө" көргөзмөнүн ачылышы болгон

Улуу курултайга Венгрия парламентинин вице-спикери Шандор Лежак, Түрк мамлекеттер уюмунун президенти Багдад Амреев, ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев, Венгриянын Туран ассоциациясынын президенти, Курултайдын негиздөөчүсү Андраш Жолт Биро катышкан.
"Улуттук баалуулуктарга, өздүк өзгөчөлүктөргө, алардын сакталышына, жайылышына кам көрүп, түпкү маанисинин бурмаланышына жол бербей, бар турпатын барктап, сырткы таасирден коруп, өркүндөтүп-өстүрүү — мезгил талабы. Ата-бабадан калган тарыхты, салт-санааны, үрп-адатты, тектеш уруулардын баалуулуктарын жайылтып келе жаткан улуу журттун көсөм окумуштуусу жана антрополог Андраш Бирого ыраазычылык билдирем", — деди Жаманкулов.
Курултайдын алкагында "Атиланын боз үйүндө" көргөзмөнүн ачылышы болгон. Анда аренадагы демонстрациялар, илимий баяндоолор, көчмөндөр жүрүшү, концерттик программа, "Аскерлердин парады", салтанаттуу оюн-зооктор менен желектердин парады уюштурулган.
Ошондой эле маданият күндөрүнө катышууга барган Кыргызстандын чыгармачылык тобу да концерттик программа тартуулаган.
Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун аксакалдары менен жолугушту