БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Антироссиялык санкцияларды киргизүү менен Европа өзүнө-өзү сокку урду. Бул тууралуу колумнист Кальман Шнур франциялык AgoraVox басылмасына жазганын РИА Новости билдирди.
Ал Франциянын финансы министри Брюно Ле Мэрдин 1-мартта антироссиялык санкциялар болуп көрбөгөндөй натыйжалуу болорун, Москва менен тоталдык экономикалык согуш жүргүзүүнү убадалаганын эске салды. Автор рублдин курсу февралда 1,2 евроцент, мартта 0,61 болуп турса, июнда кайра 1,8 евроцентке чейин көтөрүлгөнүн (бир евро болжол менен 56 рубль — ред.) белгилеген.
Колумнист Москва кастарын тиккен өлкөлөр менен газды улуттук валютада эсептешүүгө өтүшүнөн улам рубль бекемделгенин айтты. Анын жыйынтыгында рублге суроо-талап күчөгөн.
"Антироссиялык санкциялардын кесепети өзүбүзгө тийип жатат. Евро дээрлик доллар менен теңелди. Француз жана европа бийликтери дилетант, ийгиликсиз жана түркөй болуп калды. "Ачкачылык бунту" Африкага эмес, өзүбүзгө тиешелүү болгон заманга келдик. Буга ким күнөөлүү?" — деп жазган автор.
Ошондой эле ал Франция Евробиримдик менен биргеликте "туңгуюкка" кептелип баратканын айтып, сооронуп жатканын кошумчалаган.