Ереванда соода борборундагы жарылуудан бир адам каза таап, 20сы жараланды. Видео

Алдын ала айтылган версия боюнча, фейерверк саткан дүкөн күйүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Ереванда "Сурмалу" деп аталган соода борборунда жарылуу болуп, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Sputnik Армения агенттиги жазды.
Кырсык бүгүн, 14-августта, түштөн кийин болгон. Учурда уранды алдында калган адамдарды алып чыгып, ооруканага жөнөтүп жатышат.
Жеринде куткаруучулар жана бийлик өкүлдөрү иш алып барууда. 10 өрт өчүрүүчү бригада тартылган.
Жарылуу эмнеден улам чыкканы азырынча белгисиз. Алдын ала айтылган версия боюнча, фейерверк саткан дүкөн күйүп жатат.
Подмосковьедеги ири өрт: бир киши көз жумуп, 13 адам жабыркады