Элчилик консулдук кызмат көрсөтүүнү сунуштаган ортомчуларга ишенбөөгө чакырды

Дипөкүлчүлүк белгисиз адамдар консулдук кызмат көрсөтүүнү сунуштап калса, тезинен +7(925)1155047 телефон номерине чалууну өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги мекендештерди консулдук кызмат көрсөтүүнү сунуштаган ортомчуларга ишенбөөгө чакырды.
Билдирмеге караганда, акыркы учурда ортомчулар социалдык тармактарда фейк аккаунттар аркылуу консулдук бөлүмдүн кызматкерлерин негизсиз айыптап, өздөрү консулдук кызматтарды сунуштап жатышат.
"Документтерди тариздөө боюнча же консультация, юридикалык жардам алам деген кыргыз жарандары элчиликтин консулдук бөлүмүнө түз кайрылышы керек. Ортого түшүп "документтерди бүтүрүп берем" деген адамдардан алыс болуңуздар", — деп жазылат элчиликтин маалыматында.
Дипөкүлчүлүк белгисиз адамдар консулдук кызмат көрсөтүүнү сунуштап калса, тезинен +7(925)1155047 телефон номерине чалууну өтүндү.
"Кара тизмеден чыгууга жардам берем" дегендерге ишенбегиле! Элчиликтин эскертүүсү