БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Сууда сүзүү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Денис Петрашов Ислам тилектештиги оюндарында 3-орунду ээледи. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Кыргызстандык спортчу 50 метр аралыкка брасс ыкмасында сүзүү боюнча коло байге тагынды.
Петрашов, мындан сырткары, 200 жана 100 метр аралыкка дагы жарышка чыгат.
Белгилей кетсек, Түркиянын Конья шаарында Ислам тилектештиги оюндары өтүп жатат. Ага жалпы жонунан 56 мамлекеттен келген 4 200 спортчу катышууда. Кыргызстандын делегациясынын курамында спорттун 16 түрү боюнча 158 киши бар.