Бишкек мэри калаада мектеп куруп жаткан куруучуларды сыйлады. Сүрөттөр

Абдыкадыров шаарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн куруучуларга ыраазычылык билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү борбор калаада курулуп жаткан мектептерди кыдырып, куруучуларды кесиптик майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү борбор калаада курулуп жаткан мектептерди кыдырып, куруучуларды кесиптик майрамы менен куттукташты

2 / 3

Куруучуларга шаардын өнүгүүсүнө кошкон салымы жана 16 объектинин курулушундагы жоопкерчиликтүү иштери үчүн ыраазычылык айтылды

3 / 3

Калаа башчысы №75 мектепте, ошондой эле Мурас-Ордо конушундагы жалпы билим берүү мекемесинде болду

Куруучуларга шаардын өнүгүүсүнө кошкон салымы жана 16 объектинин курулушундагы жоопкерчиликтүү иштери үчүн ыраазычылык айтылды.
Калаа башчысы №75 мектепте, ошондой эле Мурас-Ордо конушундагы жалпы билим берүү мекемесинде болду. Ал шаарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн куруучулардын күжүрмөн эмгегин белгилеген.
Ошондой эле куруучуларды Бишкек шаарынын вице-мэрлери, мэриянын аппарат жетекчиси, Ленин районунун акими жана башка жетекчилер куттукташты. Ар бир жерде Султан Каримов, Замира Мавлянова, Динара Акулова, Бакыт Ыбыкеев, Ильяз Абдразаков сыяктуу ырчылар өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Ак ниет эмгеги менен өзгөчөлөнгөн куруучулар Ардак грамота жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты.
Кыргызстан донорлор менен 90 миң орундуу мектеп, бала бакча курууну макулдашууда