БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу божомолун таратты.
Билдирмеге караганда, келерки апта тоолуу жерлерде жаанчыл болот. Бирок шаарларда жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкек шаарында жамгыр жаабай турганы айтылды. Абанын температурасы 27...30 градуска чейин ысыйт.
Чүй, Талас облустары
Эки облуста тең 18-августка чейин тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде күндүз жамгыр жаашы ыктымал. 19-20-августта күн ачык болуп, абанын температурасы Чүйдө 25...27 градус, Таласта 23...25 градуска жетиши күтүлүүдө.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Өлкөнүн түштүк аймактарында негизинен күн ысык болот. Тоолуу жерлерде өткүн өтүшү ыктымал, өрөөндөргө жамгыр жаабайт. Абанын температурасы Ошто 33…35 градус, Жалал-Абадда 32...34, ал эми Баткен облусунда 30...32 градуска жетет. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-18-августта күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Нарын, Ысык-Көл облустары
Келерки аптада Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде өткүн өтүшү ыктымал. Узап бараткан жумага салыштырмалуу күн салкындап, абанын температурасы 21...26 градус жылыйт. Нарындын айрым аймактарына жаан себелеши мүмкүн. Бирок күн жылуу болот. Абанын температурасы 23...28 градуска чейин ысышы мүмкүн.