БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. АКШ тез өзгөрүп жаткан дүйнөлүк тартипке көзөмөлүн жоготуп бара жатат. Бул тууралуу Express басылмасындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Автор белгилегендей, Кошмо Штаттар мурдагыдай эле дүйнөдөгү эң ири экономика жана армияга ээ. Бирок адистер башка мамлекеттер бийликке келип, Вашингтонду тактысынан алып ыргытууну каалап жатканын айтышат. Андыктан ушу тапта глобалдык саясатта "бороон-чапкын" болуп жаткан кез.
"Кытай кийинки супер держава болуп калары шексиз жана дүйнөнүн кансыз согуштан бери келе жаткан тартибин баш-оту менен өзгөртөт", — деп айтылат макалада.
Автор АКШ таасирин жоготконун Вашингтондун Москва менен Украина маселесин дипломатиялык жол менен чече албагандыгы далилдеп турганын айтат.
"Кыйын мезгилде лидерликти сактап калуу кийинки бакубат турмушка кепилдик берет. Бирок Ак үйдүн башчысы Жо Байденде кыйынчылыктарды жеңүү үчүн кадыр-баркы жетишсиз", — деп жазылат материалда.
Эске салсак, АКШ лидери эл арасында канчалык ишенимге ээ экенин көрсөткөн сурамжылоолордо дагы рейтинги анча жогору эмес болгон учурлар көп кездешүүдө.