ЖККУнун машыгууларында радио байланыштар боюнча бирдиктүү каналды түзүү макулдашылды. Бул тууралуу Токтогул Какчекеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Балыкчыда ЖККУнун "Кобальт — 2022" биргелешкен атайын тактикалык машыгуусу өзгөчө мааниге ээ.
"Балыкчыдагы полигондо дайыма аскердик машыгуулар болуп келген. Бул жолкуда ИИМдин ички аскерлери, коопсуздук кызматы жана куралдуу күчтөр менен биргеликте даярдык көрүлүүдө. ИИМдин ички аскерлери аскердик жол менен душманды жок кылууга даярдалган кызмат болуп эсептелет. 90- жана 2010-жылдардагы Оштогу окуяларда алар өз милдетин аткарган. Аталган машыгууда бардык күч структуралары радио байланыштар боюнча бир каналды түзүүнү макулдашты. Анткени 1999-жылдагы Баткен окуяларында күч структураларынын радио каналдары ар башка болгон. Ошону эске алуу менен бул көйгөйдү чечүү сүйлөшүлдү. Мындан тышкары, учурдагы атуу куралдардын калибрлери, атуу системалары бирдей болушу шарт. Мына ошону жөнгө салуу маселеси көтөрүлдү. Мунун баары бандиттик топтор, терроризм менен күрөшүүгө жардам болот. Себеби учурда Украинадан, Афганистандан куралдардын агылып келүү коркунучу бар экени айтылууда. Чек ара аркылуу өтчү жер төлөлөр табылууда. Алардан жер-жемиш, азык-түлүктүн аткезчилиги өтүп жаткан жок да. Ал жер төлөлөрдөн курал-жарак, валюта, баңгизаттар мыйзамсыз ташылган болушу ыктымал. Ошондуктан күч структураларын окутуу, машыгууларын өткөрүп, даярдыктарды көрүү зарыл", — деди Какчекеев.
Ал ошондой эле ИИМдин ички аскерлерин артиллерия менен камсыздоо зарылдыгын кошумчалады.