БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Келе жаткан аптада Ысык-Көл облусунун тоолуу аймактарына жамгыр жаай турганын Кыргызгидромет агенттиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, 19-августка чейин Көлдө түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда өткүн өтүшү ыктымал. Өрөөндөрдө жана дыйканчылык райондордо жаан-чачын күтүлбөйт.
Каракол, Чолпон-Ата шаарларында 15-16-августта күндүн көзү бузулуп, өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы 24...29 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-17-августта күндүз кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетиши божомолдонууда.