Улуттук тарых музейге алтын жалатылган комуз тапшырылды. Сүрөт

Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу комуз келген меймандарды жана туристтерди кызыктырган экспонат боло турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Улуттук тарых музейге өрүктөн жасалып, таза алтын жалатылган өзгөчө комуз тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Иш-чарага министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу баштаган бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышкан.
1 / 3

Улуттук тарых музейге өрүктөн жасалып, таза алтын жалатылган өзгөчө комуз тапшырылды

2 / 3

Алтын жалатылган комуз жеке ишкер тарабынан жасалган.

3 / 3

Ал буга чейин жалпысынан беш комуз жасаткан.

Эсенгул уулу бул комуз келген меймандарды жана туристтерди кызыктырган экспонат боло турганын белгилеген.
Алтын жалатылган комуз жеке ишкер тарабынан жасалган. Ал буга чейин жалпысынан беш комуз жасаткан. Эки комуз 2015-жылы Ош шаарында өткөн айтыштын жеңүүчүлөрүнө тапшырылып, үчүнчүсү жакын арада өтө турган акындардын айтышында берилет. Ал эми төртүнчүсү "Сулайман-Тоо" улуттук археологиялык музей комплексине коюлган.
Өрүк комузду Марат Берикбаев чаап, зергер Али Мамарасулов алтынга ширеткен.
Кыргызстандын музей фонду 1 612 экспонат менен толукталды