Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Америкалык офицер: Украинада жакында HIMARS ракеталык системасы түгөнөт

Полковниктин айтымында, өз учуру келгенде Вашингтон Киевге жеткирген ракеталарынын санын кыскартууга мажбур болот.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Украинада бир нече айдан кийин АКШ берген HIMARS ракеталык системасы жок калышы мүмкүн. Бул тууралуу Американын деңиз флотунун отставкадагы полковниги Марк Канчиан билдиргенин РИА Новости жазды.
"Айрымдар ракеталык система бир айдан кийин жок калат деп божомолдоп жатат. Бирок украиналыктар ракеталарды ага жеткирбей, өтө тездик менен коротот деп ойлойм", — деген офицер.
Полковниктин айтымында, өз учуру келгенде Вашингтон Киевге жеткирген ракеталарынын санын кыскартууга мажбур болот. Анткени АКШнын өзүнүн кору азая баштайт.
Пентагондун бюджеттик пландоосуна жети жылдан ашык катышып, Ирактагы согушка эки жолу барып келген аскердик аналитик АКШнын HIMARS үчүн чыгарган ок-дарылары чектелүү экенин кошумчалаган. Анын маалыматы боюнча, 2004-жылдан бери АКШ 50 000ге жакын башкарыла турчу ракеталарды чыгарган. Бул жылы 5 800гө жакын ракетаны сатып алууга ниеттенүүдө.
"Божомолум боюнча, биз 25-28 миң ракетаны согушка тарттык. Коргоо министрлиги сандарды ачык жарыялаган жок, бирок силер аскердик керектөөлөрдү каржылоону эске алып жыйынтык чыгарсаңар болот", — деген отставкадагы полковник.
24-февралда Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы башталгандан кийин АКШ жана анын НАТОдогу өнөктөштөрү Украинага байма-бай аскердик техника жөнөтө баштады. АКШ президенти Жо Байден Киев режимине 40 миллиард долларга жакын аскердик, экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча мыйзам долбооруна кол койгон.
Июлда Вашингтон 820 миллион долларлык аскердик жардам пакетин жарыялаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ учкучтары Украинанын аскердик объектилерин асмандан аткылаган видео