Садыр Жапаров "Улуттук банк жөнүндөгү" мыйзамга кол койду

Бул мыйзам Башкы банктын укуктук статусун, максатын, негизги милдеттерин, ишин уюштуруунун тартибин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктайт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. – Sputnik. Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 30-июнда кабыл алынган.
Бул конституциялык мыйзам Улуттук банктын укуктук статусун, максатын, негизги милдеттерин, ишин уюштуруунун тартибин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктайт.
Мыйзам башка нерселер менен бирге төмөнкүлөрдү камтыйт:
Улуттук банктын милдеттүү резервдеринин эсебинен Улуттук банктын уставдык капиталын көбөйтүү;
Улуттук банктын туунду жана ассоциацияланган компанияларына Улуттук банк тарабынан насыяларды/займдарды берүү мүмкүнчүлүгү;
Конституциянын жоболорун аткаруу үчүн Улуттук банктын функционалдык, уюштуруучулук жана финансылык өз алдынчалыгы жөнүндө жоболор такталган.
Улуттук банк көмүскө рыноктон доллар алмаштыруунун кооптуу жактарын айтты