Өткүн өтөт. Оштогу аба ырайы боюнча бир жумага божомол

Негизинен түштүк аймакта күн ысык болуп, абанын температурасы 35 градуска чейин жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумада Ош облусу жана Ош шаарында аба ырайы кандай болорун айтты.
Билдирмеге караганда, негизинен түштүк аймакта күн ысык болуп, абанын температурасы 35 градуска чейин жетет. Бирок 18-августка чейин күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, жамгыр жаай турганы божомолдонду.
19-20-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Ош шаарында жамгыр жаабайт, күн ачык болот.
Келерки аптада Ысык-Көлдө аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу