БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы атайын техникаларды тапшырганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ӨКМдин түзүмдөрүнө Airbus H-125 тик учагы, автобус, экскаватор, жүктөгүч, жол тандабас, 150 мобилдик үй жана башка техникалар берилген.
Атайын техникаларды тапшырып жатып президент адам өмүрүнөн өткөн байлык жок экенин белгилеп, эң негизгиси элдин коопсуздугун камсыз кылуу, аларды өзгөчө кырдаалдан сактоо милдетин аткаруу маанилүү экенин кошумчалаган.
"Кырсыктардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу — кечиктирилгис зарылчылык. Адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн заманбап, кубаттуу техника жана каражаттар болушу керек. Заманбап технологиялар тез жардам берүү үчүн колдонулат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түзүлгөндөн бери көрүлгөн профилактикалык иш-чаралар миңдеген адамдардын өмүрүн сактап, көптөгөн табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга шарт түздү.
Куткаруучулар өз милдеттерин татыктуу аткарып, эл аралык гуманитардык операцияларда чоң тажрыйбага ээ болушту. Куткаруучуларыбызды заманбап кубаттуу техникалар менен камсыз кылуу мамлекеттин кубаттуулугун көрсөтүп, элдин бийликке болгон ишенимин арттырып, ар кандай кырсыктарда куткаруу кызматын күтүп жаткан жарандардын ажатын ачып, өмүрлөрүн сактап калууда", — деген Жапаров.
Ал бир жыл мурун куткаруучулар өрт өчүргөн заманбап машиналар жана атайын инженердик оор техникалар менен камсыз болгонун эске салды.
"Бүгүн болсо эгемендүүлүккө ээ болгондон бери алынбаган тик учак жана 34 даана атайын техника биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен 384 миллион 140 миң сомго сатып алынды. Быйыл республикалык бюджеттин эсебинен 752 миллион 212 миң сомго дагы бир тик учак сатып алуу планыбызда бар. Мындан сырткары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 1 миллион 23 миң 480 долларга 10 жол тандабас пикап автоунаалары, бир кичи автобус, 11 инженердик оор техника алынды. Бул багыттагы иштерди мындан ары да улантабыз", — деген президент.
Мамлекет башчы ӨКМдин аэродромунун кампасын, административдик имаратын, жабдууларды жана мобилдик үйлөрдү көрүп, аларга Airbus H-125 тик учагынын учуу мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлгөн.