Кыргызстандын балбандары Ислам оюндарынан 6 алтын медаль алды

Мелдешке 57 мамлекеттин спортчулары катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. – Sputnik. Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында Кыргызстандын дагы үч балбаны алтын медаль тагынды.
Эркектерден Жоламан Шаршенбеков финалдык беттеште азербайжандык каршылашын 10:2 эсеби менен жеңип алды. 77 килограмм салмак категориясы боюнча килемге чыккан Акжол Махмудов дагы алтын медалга татыды. Ал азербайжандык балбанды 5:2 менен утту.
Ал эми Мээрим Жуманазарова казакстандык Мадина Бакбергенованы жеңип, алтын тагынды.
Буга чейин Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Эрназар Акматалиев чемпион болушкан. Ошону менен Кыргызстандын куржунунда алты алтын медаль болду.
Формасы жактыбы? Ислам оюндарында параддан өткөн кыргыз спортчуларынын видеосу