Кыргыз улуттук драма театрынын жаңы сезону качан ачылары белгилүү болду

Алгач театр сүйүүчүлөр Жалил Садыковдун "Төлгө" спектаклине күбө болушат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын 96-театр сезону 6-сентябрда ачылат. Бул тууралуу театрдын маалымат кызматы кабарлады.
Ал Жалил Садыковдун "Төлгө" спектакли ("Манастын уулу Семетей" драмасынын негизинде жазылган) менен ачмакчы.
Спектаклге КРдин эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров режиссёрлук кылган.
"Төлгө" спектаклинде Айкөл Манастын руху анын урпактарында жашаары чагылдырылат. Спектаклде Каныкейдин аялдык ички трагедиясы, таянган тоосу кулагандан кийин бузукулуктун, көрө албастыктын курмандыгына айланган муң-зары, уулунун келечеги кыргыз элинин келечеги экендигин алдын ала сезип, ал үчүн жан берүүдөн дагы кайра тартпастыгы, өзгөчө бүгүнкү күндүн жаш муундарына өрнөк боло турган кайын энеси Чыйырды менен сый мамилеси баяндалат.
Башталышы — саат 18.30. Билет баасы — 200-300 сом.
Ош улуттук драма театрынын директору алмашты