Кыргызстандын аскерлери Казакстандагы эл аралык армия оюндарына катышууда

Анда миномёттук бригада, аскердик топографтар арасында мелдештер жана аскердик спорттук оюндар пландаштырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Кыргызстандын аскерлери Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан VIII эл аралык армия оюндарына (АрМИ) катышууда.
Мелдештин салтанаттуу ачылышы Нурсултан Назарбаев атындагы Улуттук коргоо университетинде болгонун Sputnik Казакстан жазды.
Армия оюндарына Кыргызстан Азербайжан, Армения, Беларусь, Венесуэла, Вьетнам, Зимбабве, Кытай, Мали, Никарагуа, Россия, Сирия, Тажикстан жана Өзбекстандын аскерлери катышмакчы. Мелдеш 27-августка чейин уланат.
Белгилей кетсек, VIII эл аралык армия оюндары дүйнөнүн бир нече мамлекеттеринде өтөт. Анын ичинде Азербайжан, Алжир, Армения, Беларусь, Венесуэла, Вьетнам, Иран, Кытай, Монголия, Россия, Сауд Арабия жана Өзбекстанда болот.
"АрМИ эл аралык аскер оюндары" акыркы сегиз жылдан бери көптөгөн мамлекеттердин арасында өткөрүлүп келе жатат. Ал маңызы, спорттук негизи боюнча аскер кызматчыларынын эл аралык олимпиадасы катары калыптанып калды.
"Танк биатлону — 2022" сынагына катыша тургандар чүчү кулак кармашты