ИИМдин ички аскерлерине жаңы кол башчы келди. Ал тууралуу эмне белгилүү

Жаңы жетекчи ИИМ Академиясынан сырткары РФтин Коргоо министрлигинин Москва шаарындагы Аскер университетин аяктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов ИИМдин ички аскерлеринин өздүк курамына жаңы кол башчыны — полковник Дамир Алыбаевди тааныштырды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Ал министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен дайындалган.
1 / 3

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов ИИМдин ички аскерлеринин өздүк курамына жаңы кол башчыны — полковник Дамир Алыбаевди тааныштырды

2 / 3

Ал министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен дайындал

3 / 3

Дамир Алыбаев 1978-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Бириккен айылында туулган

Жетекчи тууралуу эмне белгилүү

Дамир Алыбаев 1978-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Бириккен айылында туулган. 2000-жылдын 16-январында КРдин Куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылган. 2008-жылы ИИМдин Академиясын, ал эми 2012-жылы РФтин Коргоо министрлигинин Москва шаарындагы Аскер университетин аяктаган.
Кызматтык ишин 2001-жылы ИИМдин ички аскерлеринин 7702 аскер бөлүгүнүн патрулдук ротасынын взводунун командири болуп баштаган. 2019-жылга чейин ар кандай жетекчилик кызматтарды ээлеген.
2019-жылдын июлунда ички аскерлердин кол башчысынын орун басары — штаб начальниги болуп дайындалган.
Исмайил Сагыналиев ИИМдин Россиядагы өкүлү болуп дайындалды