Хорватияда Кыргызстандын жарандары кармалды. ТИМ окуя боюнча үн катты

Аталган маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин тыкыр көзөмөлүндө.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктардын Хорватияда кармалганын тастыктады.
Буга чейин ЖМК жана соцтармактарга кыргызстандыктар мыйзамсыз жүргөн мигранттарды ташууга шектелип кармалды деген маалымат тараган.
"Дипломатиялык мекеме Хорватияда колго түшүрүлгөн кыргыз жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Азыркы тапта мекендештердин тиешеси бар деген окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн жана аларга жардам көрсөтүү максатында Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн кызматкери Загребге (Хорватиянын борбору) жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, аталган маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин тыкыр көзөмөлүндө.
Министрлик 92 кыргызстандыкты Түштүк Кореяга иштөөгө жөнөттү