Кийинки жумада Чүйдө аба ырайы кандай болору божомолдонду

Бишкек шаарында апта ичи күн ысык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Келе жаткан аптада Чүйдүн кээ бир аймактарында күндүз жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, Бишкек шаарында келерки апта ичи күн ысык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт.
18-августка чейин тоолуу аймактарга күндүз жамгыр жаап, өткүн өтүшү ыктымал. 19-20-августта күн ачык болору божомолдонду. Абанын температурасы Бишкекте жана дыйканчылык аймактарда 30 градуска чейин ысыса, тоолуу жерлеринде күндүн табы 25 градуска чейин жетет.
Келерки аптада Ысык-Көлдө аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу