БУУнун азык-түлүк келишими боюнча туруктуу координатору дайындалды

Белгилүү болгондой, Абдулланын Дүйнөлүк азык-түлүк программасында эмгек тажрыйбасы чоң.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Судандын өкүлү Амир Махмуд Абдулланы БУУнун "кара деңиз дан демилгеси" боюнча координатору кылып дайындады. Бул тууралуу РИА Новости уюмдун маалымат кызматына таянып кабарлады.
Билдирмеге караганда, Абдулла бул кызматта убактылуу иштеп жаткан америкалык Фредерик Кеннинин ордуна келди.
"БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Судандын өкүлү Амир Махмуд Абдулланы БУУнун "кара деңиз дан демилгеси" боюнча координатору кылып дайындады", — деп жазылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, Абдулланын Дүйнөлүк азык-түлүк программасында эмгек тажрыйбасы чоң.
Эске салсак, 22-июлда Россия, Түркия жана БУУнун өкүлдөрү РФтин азык-түлүгүн экспорттоого коюлган чектөөлөрдү алып салуу жана Украинанын дан эгиндерин чыгарууга Россиянын жардам көрсөтүүсү боюнча документтерге Стамбул шаарында кол коюшкан.
Салтанатка Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш жана Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу катышкан.
БУУ дандын жетишсиздигинен улам азык-түлүк кризиси күтүлүп жатканын бир эмес, бир нече ирет айткан. Батыш Россияны дүйнөлүк рынокко украин данын чыгарууда тоскоолдук кылып жатат деп айыптап келет. Ал эми Россиянын президенти Владимир Путин Украинадан эгин экспорттоодо эч кандай маселе жок экенин жана Москва буга кийлигишпей турганын билдирген.
Лавров: Батыш өлкөлөрү Украинадан дан ташуу тууралуу келишимди бурмалоодо