14-августка карата аба ырайы

14-августка караган түнү республиканын аймагында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Жекшембиде Ош, Нарын облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +30...+35, Талас жергесинде +29...+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл чөлкөмүндө +26...+31 жана Нарында +25...+30 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +32...+34, Ошто +34...+36 жана Чолпон-Ата шаарында +26...+28 градуска жетет.
Кыргыз улуттук драма театрынын жаңы сезону качан ачылары белгилүү болду
Кыргыз улуттук драма театрынын жаңы сезону качан ачылары белгилүү болду