Радио

Акулов: жаңы жобо менен корукчаны жергиликтүү бийлик да түзө алат

Экология министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин башкы адиси Руслан Акулов жобо министрлер кабинетине жөнөтүлгөнүн айтты.
Sputnik
Учурда өлкөдө 64 корукча бар. Алардын бардыгына мындай макамды 1976-жылы СССР берген. Бул тууралуу Руслан Акулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик корукчаларга инвентаризация иштери жүргүзүлөт.
"Азыр министрлик илимпоздор менен биргеликте корукчаларга инвентаризация жүргүзүүгө камынып жатат. Анда окумуштуулар корукчаны мындан ары да калтыруу же жоюп салуу боюнча жүргүзгөн анализдеринен кийин жоопторун айтышат. Муну менен катар эле жергиликтүү корукчаларды уюштуруу боюнча жобо иштелип чыгып, министрлер кабинетине жиберилген. Ага ылайык корукчаларды уюштуруу, каржылоо, өнүктүрүү жана сактоо тартиптери иштелип чыккан. Жергиликтүү бийликтерде тиешелүү юридикалык жактар чечим кабыл алып, айыл өкмөтү өз аймагына корукча түзө алат. Аны каржылоо да жергиликтүү бюджеттен ишке ашырылат. Эгер өлкөнүн кайсы бир жеринде корукча болууга ылайыктуу биотүрдүүлүгү бар зона болсо, тиешелүү илимий кызматкерлер же айыл өкмөттөрү бизге сунуштама жиберсе, ал жерлер иликтенип, андан соң корукча түзүлсө болот же болбойт деген чечим кабыл алынат. Корукча түзүлө турган болсо министрликтин кызматкерлеринен жумушчу топ түзүлүп, уюштуруу процесси боюнча иштешет", — деди Акулов.
Ал корукчалар алгач 20 жылга уюштуруларын кошумчалады.