ШКУ Баткен окуяларынан кийин Кыргызстандын демилгеси менен уюшулган. Бул тууралуу Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, коопсуздук жаатында түзүлгөнү менен учурда ШКУ экономикалык, социалдык, маданий жана башка тармактарда кызматташкан уюмга айланды.
"Геосаясий абал курчуганына байланыштуу ШКУ саммитине кызыгуу күч алды. Украинада атайын аскердик операция башталганда АКШ жана анын өнөктөштөрү Россияга санкцияларды киргизип, аталган өлкөнү эл аралык мамиледен четтетүүнү көздөгөн. Анткен менен Россиянын ТИМ башчысы Африкага барып келип, ШКУнун саммитине катышты. Натыйжада батыш өлкөлөрү өз максатына жетпей калгандай болду. Анткени Россияны чектөө мүмкүн болбогону айгинеленип калды. Негизинен ШКУ 2001-жылы уюштурулган деп эсептелүүдө. Бирок ага чейин ушул сыяктуу уюм түзүү демилгелери көтөрүлө баштаган. Маселен, Баткен окуяларында Армения гана көмөк көрсөтүп, калган өнөктөштөр биз күткөндөй жардам бере алган эмес. Ошондуктан Кыргызстанга эл аралык террорчулук менен күрөштө тирек керек болгон. ШКУ уюшулганда Кыргызстан негиздөөчүлөрдүн бири болду. Азыр ошондой статусту алып жүрөт. Башында коопсуздук багытында түзүлгөн уюм болгону менен учурда экономикалык, социалдык жана маданият тармагында кызматташкан уюмга айланды. Сентябрда өтө турган саммитте көптөгөн маселелер көтөрүлүшү ыктымал. Мисалы, учурдагы геоэкономикалык абалды эске алып, уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда кандай валюта колдонулары талкууланышы ыктымал. Бул саммитти тамашалап өлкө башчылардын "шеринеси" деп коюшат, бирок андай эмес. Анткени саммитте көптөгөн маанилүү маселелер көтөрүлүп, натыйжасында өлкөгө кредит, гранттар келип, инфраструктуралык долбоорлор башталган учурлар жок эмес", — деди Бактыгулов.
Ошондой эле ал саммитте кабыл алынган чечимдерге карап айрым тармактар өз ишинин багытын тууралай турганын кошумчалады.