БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлиги электрондук санариптик документтердин макамын кадимки аналогуна теңештирүүнү сунуштап жатат. Бул боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Учурда сыноо режиминде төмөнкү документтер жеткиликтүү:
паспорт;
айдоочунун күбөлүгү;
транспорт каражатын каттоо күбөлүгү;
пенсионердин күбөлүгү;
эмдөө күбөлүгү.
"Документтердин санариптик версиясынын негизги артыкчылыгы — колдонуунун жеңилдиги жана убакытты үнөмдөө", — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Бул кызматты колдонуу үчүн эмне кылуу керек?
Калкты тейлөө борборунан электрондук санариптик кол тамганы алуу (акысыз);
App Store же Play Market дүкөндөрүнөн Tunduk тиркемесин жүктөп алуу;
булуттагы электрондук санариптик кол тамганы колдонуу менен мобилдик тиркемеге киресиз;
арызда "Санариптик документтер" бөлүмүнө өтөсүз;
документти тандоо жана бөлүшүү;
телефондун экранында пайда боло турган PIN жана кыска кодду жазасыз.
Департаменттен кошумчалагандай, санариптик документтер коопсуздукту жогорулатат.