Ошто милиция беш тонна кара куурайды өрттөдү. Сүрөт

Тартип сакчылар Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн жана Араван райондорунун аймагын кыдырып жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Ош облусунун аймагында "Кара куурай" аталышындагы рейддин экинчи этабы жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Ош облусунун аймагында "Кара куурай" аталышындагы рейддин экинчи этабы жүрүп жатат.

2 / 4

Аталган иш-чараны баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматтары милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен биргеликте 10-августтан бери жүргүзүп жатат.

3 / 4

Анын алкагында Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Араван райондорундагы ээн талааларда, каралбай калган жерлерде, арык бойлорунда өскөн жапайы кара куурайды жок кылышууда

4 / 4

Үч күн ичинде 14 гектар жер кароого алынып, жапайы өскөн беш тоннага чукул кара куурайды өрттөшкөн.

Аталган иш-чараны баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматтары милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен биргеликте 10-августтан бери жүргүзүп жатат. Анын алкагында Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Араван райондорундагы ээн талааларда, каралбай калган жерлерде, арык бойлорунда өскөн жапайы кара куурайды жок кылышууда.
Үч күн ичинде 14 гектар жер кароого алынып, жапайы өскөн беш тоннага чукул кара куурайды өрттөшкөн. Рейд башка райондордо дагы болуп жатканы белгиленди.
Кыргызстанда бир айга жетпей 70 тонна кара куурай жок кылынды