Ошто 100 кишиге жумуш бере турчу индустриалдык-логистикалык борбор курулат

Борбордун базасында жемиш бир нече ыкма менен кургатылат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. Ош облусунун Кара-Суу районунда индустриалдык-логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Нариман айыл аймагындагы 8 гектар жер тилкеси "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, коммуникациялар, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына трансформацияланган.
Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынган.
"Индустриалдык-логистикалык борбордун ишке кириши менен 100гө жакын жумушчу орун түзүлөт", — деп жазылган маалыматта.
Индустриалдык-логистикалык борбордун базасында жемиш бир нече ыкма менен кургатыла турганы айтылды.
Ошто таза суу көйгөйүн чечүү үчүн 250 млн. сомдук тендер жарыяланды