Нур-Султанда Назарбаев демилгелеген Казакстандын башкы мечити ачылды. Видео

Мечиттин аянты 68 062 чарчы метрди түзөт, ага 10 гектар жер бөлүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев борбор калаанын башкы мечитин ачты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан билдирди.
Ачылуу аземи жума күнгө туш келген.
"Бул борбор калаанын башкы мечити болуп калды. Ал бүтүндөй Борбор Азиядагы ынтымак-ырашкерлик менен туруктуулукка өз салымын кошот деп ишенем. Мечиттин өзгөчөлүгү өтө көп", — деди Назарбаев.
Аталган мечиттин курулушун үч жыл мурун Нурсултан Назарбаев демилгелеген. Ага 10 гектар жер бөлүнгөн, мечиттин аянты 68 062 чарчы метрди түзөт. Коюлган куполдун бийиктиги 83,2 метр, диаметри 62 метр. Төрт мунарасы бар, ар биринин бийиктиги 130 метр.
Токаев түзгөн фондго акча которгон Назарбаевдин жакындары. Тизме жана суммасы