Эмгек министрлиги майып жана жетим балдарга Ысык-Көлдө эс алуу уюштурду

Балдар ден соолукту чыңдоочу "Улан" борборунда 10 күн эс алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги майыптыгы бар, жетим жана аз камсыз үй-бүлөдө өскөн 100 бала үчүн Ысык-Көлдө эс алуу уюштурду. Бул тууралуу аталган ведомство билдирди.
Автобус Ысык-Көл облусуна бүгүн жөнөп кетти. Аларды милиция коштоого алды. Балдар ден соолукту чыңдоочу "Улан" борборунда 10 күн эс алышат.
Министрлик 10 күндөн кийин балдардын кийинки тобу жөнөтүлөрүн белгиледи.
Министрлик 10 кыргызстандыкты Түштүк Кореяга дарыланууга жөнөтөт