Кыргызстандан чыгарылган акча үч айдан бери рекорддук көрсөткүчкө жетти

Жалпысынан биринчи жарым жылдыкта сыртка 361,7 миллион доллар чыгарылган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Июнь айына карата өлкөдөн чыгарылган акча каражаты 85,7 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.
Кеп жарандардын атайын система аркылуу жиберген каражаты тууралуу болуп жатат.
Улуттук банктын ачык маалыматтарын карап чыгып, бул бир айдагы рекорддук сумма экенин билүүгө болот.
Рекорддук көрсөткүч үч айдан бери катталууда. Май айында тышка чыгарылган акча 85,5 миллион долларды, апрель айында 79,7 миллион долларды түздү.
Жалпысынан биринчи жарым жылдыкта сыртка 361,7 миллион доллар чыгарылган.
Буга чейин өлкөдөн алда канча аз каражат которулган. Мисалы, 2019-жылы декабрь айындагы рекорддук көрсөткүч — 61 миллион болгон.
Улуттук банк көмүскө рыноктон доллар алмаштыруунун кооптуу жактарын айтты