КРСУнун мектебине Россиядан 6 миң окуу китеби алып келинди

Мында 1-класстан 11-класска чейинки мектеп программасынын бардык предметтери боюнча окуу китептери экени айтылат. Алардын жалпы баасы 3,5 миллион рублдан ашты.
Sputnik
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. КРСУнун алдындагы орто мектеп Россиянын каржылык колдоосу менен 6 миң окуу китептерин алды. Бул тууралуу Кыргыз-Россия славян университетинин маалымат кызматы билдирди.
Мында 1-класстан 11-класска чейинки мектеп программасынын бардык предметтери боюнча окуу китептери экени айтылат. Алардын жалпы баасы 3,5 миллион рублдан ашты.
"Китептер Россиянын мектептерин окуу китептери менен камсыз кылууда алдыңкы орунду ээлеген "Просвещение" басма үйү менен түз келишимдин натыйжасында колго тийди. 400 окуучу үчүн окуу жылы жаңы, түстүү жана кызыктуу китептер менен башталат", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле апрель айында аталган басмакана менен түзүлгөн келишимдин негизинде мугалимдерди жаңы окуу жылына даярдоо максатында адабияттардын электрондук версияларына кирүүгө мүмкүнчүлүк алынган.
Окуучулардын тамагына бөлүнчү акчаны 20 сомго жеткирүү каралды. Учурда 7 сом